Пирамида
С Вами на все времена!ККМ аппаратын активдүү колдонуп жаткан салык төлөөчүлөрдүн саны 57 миңге чамалады. Мамлекеттик салык кызматы жакында эле дагы 10 миң аппарат сатып алып, өлкө аймагы боюнча акысыз таркатууда. Ведомстводон маалымдагандай, ККМди пайдалануу маанилүү экенин салык төлөөчүлөр дагы түшүнүү менен кабыл ала баштады. ККМ аркылуу көмүскөдөгү салыктар ачылып, анын көлөмү мурдагыдан ашыгы менен чогула баштады. Мисалга, быйыл 10 айдын ичинде 165 млрд. 870 млн.сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, 49 млрд. сомго көп чогулган. Кененирээк Айдар Темиралиевдин материалында.
Ой-пикир калтыруу