Пирамида
С Вами на все времена!Чек ара маселесине байланыштуу талаш-тартыштагы аймактар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылында талкууланды. Жерине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев барып, маселе өз убагында чечилерин убадалады. Маалыматка ылайык, Ала-Бука аймагынын Кабасай бөлүгү Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын тактала элек тилкелеринин бири. Буга чейин Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары 50 гектар жердин берилишине каршы болушкан, андан кийин Өзгөндүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычын коргоого чыгышкан. Камчыбек Ташиев митингчилер менен жолугушуп, быйыл мартта Өзбекстан менен кол коюлган протоколду кайра карап чыгууга убада берди.
Ой-пикир калтыруу