Пирамида
С Вами на все времена!Жыл сайын сентябрь айынын акыркы жекшебисинде кан донорлорунун күнү белгиленип келет. Буга ылайык борбор калаада “Коопсуз кан бардыгы үчүн” аталышындагы акция жүрүп жатат. Донорлордон чогултулган кан оор илдетке же кырсыкка кабылып, кан көп жоготкон адамдарга чукул жардам берүүдө колдонулат. Мындай пикирин Медициналык көчмө бригада бөлүмүнүн башчысы Назгүл Кубатбекова билдирди. Анын айтымында, акция 27-сентябрга чейин уланат. Каалоочулар Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына келип канын тапшырса болот.
Ой-пикир калтыруу