Бейшемби, 19 Аяк оона 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Каза болгон 30 медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн. сомдон төлөндү

COVID-19 вирусунан каза болгон 30 медицина кызматкеринин үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон төлөнүп берилди. Андан сырткары, 8-декабрга карата 608 медицина кызматкери 200 миң сомдон компенсациялык төлөмдөрдү алышкан. Учурда дагы 148 саламаттыкты сактоо кызматкерине жана каза болгон 2 ак халатчандын үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөө үчүн документтер даярдалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 3 миң 986 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 695 медкызматкер илдетти жеңди.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *