Пирамида
С Вами на все времена!Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кайгуул кызматы, борбор калаанын аймагында коомдук коопсуздукту орнотуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө жүрүп жаткан кырдаалды пайдалануу менен ар кандай мыйзам бузууларды жасап, талап-тоноочулукка баргандар жоопко тартылат. Бул тууралуу, бүгүн Ички иштер министринин милдетин аткаруучу, шаардын коменданты Курсан Асанов билдирүү жасады. Буга ылайык, өздүк курам коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти сактоону өлкөнүн бардык аймактарында күчөтүлгөн тартипте жүргүзүшүүдө.
Ой-пикир калтыруу