Пирамида
С Вами на все времена!1-июлдан тарта Бишкектеги автобус жана троллейбустарда накталай төлөм кабыл алынбайт. Жарандар “Тулпар” системасынын карталары жана тулпар мобилдик тиркемеси аркылуу жол кире төлөсө болот. Ошондой эле виза, элкарт банк карталарынын жардамы менен да төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар. Коомдук транспорттогу мындай санариптештирүү кадамдары шаардык бюджетке түшчү каражаттардын өлчөмүн көбөйтөт дешет адистер. Ал эми топтолгон акча каражат ошол эле айдоочулардын айлык акысын жогорулатууга, жаңы автобустарды сатып алууга жумшалат.
Ой-пикир калтыруу