Пирамида
С Вами на все времена!Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырды. Мындай чечим парламенттин 17-майдагы кезексиз жыйынында кабыл алынды. Министрлер кабинетинин төрагасы кабыл алынган Убактылуу сырткы башкаруучуну дайындоонун тартибин бекитүү жөнүндө чечимге кол койду. Парламенттин токтомуна ылайык, комиссиянын иштөө мөөнөтү дагы 3 айга узартылды. Күн мурун “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссия парламенттин депутаттарына иликтөөнүн отчётун берди.
Ой-пикир калтыруу