Пирамида
С Вами на все времена!Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин алкагында кыргыз-түрк бизнес форуму болду. Ишкерлердин жолугушуусуна Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жана Түркиянын Вице-президенти Фуат Октай катышты. Форумдун жүрүшүндө болжол менен 250 ата мекендик жана түркиядан келген 90дон ашуун компаниянын өкүлдөрү энергетика, айыл чарба тармагындагы, тоо-кен өнөр жайына инвестицияларды тартуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө негизделген долбоорлорго тийиштүү маселелерди талкуулады.
Ой-пикир калтыруу