Пирамида
С Вами на все времена!Кыргыз-тажик чек-арасындагы кагылышуу боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Окуя боюнча материалдык далилдер алынып, тергөө амалдары жүрө баштады. Башкы көзөмөлдөөчү орган Тажикстандын агрессиялык аракеттери алдын ала пландаштырылган деген тыянак чыгарган. Куралдуу кагылышуу жергиликтүү карапайым тургундардын массалык өлүмүмө алып келди. Өлгөндөрдүн арасында 5 жана 12 жаштагы бөбөктөр менен өспүрүмдөр дагы бар. Кылмыш иши Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси боюнча катталган. Серепчилер тажик аскерлери тарабынан жасалган агрессияны бүт дүйнөгө таратуу керек деген пикирде.
Ой-пикир калтыруу