Пирамида
С Вами на все времена!Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөгөн башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашат. Жетекчилик орунду ээлеген салыкчы «Кыргыз темир жолу» ишканасынан коррупциялык схема менен акча чыгарып кетүүгө көмөктөшкөн деп айыпталууда. 15-августта Биринчи май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы тандалып, камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Ой-пикир калтыруу