Бейшемби, 19 Аяк оона 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргыз-өзбек инвестициялык фонду түзүлөт

Уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн кыргыз-өзбек инвестициялык фонду түзүлөт. Аны ишке ашыруу боюнча атайын жумушчу топ түзүү чечими Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков менен Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары — Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун эки тараптуу жолугушуусунда кабыл алынды. Фергана шаарындагы сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар ушул жылдын 25-декабрына чейин биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча маселелерди кароо керектигине токтолушту.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *