Пирамида
С Вами на все времена!Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктургандар катталган жок. Ооруну алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында айтты. Анын айтымында Кыргызстан коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чараларды кабыл алды. Ал эми Тышкы иштер министрлиги жаңы вирустун таралышына байланыштуу эпидемиологиялык абал турукташканга чейин жарандарга Кытайга болгон сапарларын токтото турууну сунуштайт.
Ой-пикир калтыруу