Пирамида
С Вами на все времена!Өлкө аймагына илдет кирген биринчи күндөн тарта дарыгерлер жогорку патриоттуулукту көрсөтүү менен эпидемиологиялык кырдаалдын андан ары курчуп кетишине жол бербөө үчүн бардык күч-аракеттерин көрүп келишет. Тилекке каршы, кызматтык милдетин аткарып жатып, илдет жугузуп алган экинчи дарыгер каза болду. Коронавирус инфекциясынын кесепетинен көз жумган Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-фтизиатры Альберт Исмаилов апрель айынан тарта илдетке чалдыккан бейтаптарды кабыл алып жүрүп, өз дагы вирус жуктуруп алган. Илдетти оор көтөрүп, кошумча оорулары да бар болгондуктан вируска каршы туруштук бере албай калган.
Ой-пикир калтыруу