Жума, 22 Жетинин айы 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Мамлекеттик айыптоочулар мурдагы мэрлер А.Ибраимовду 20 жылга, К.Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранды

Бишкектин Ленин райондук сотунда, мамлекеттик айыптоочу Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранды. Жалпысынан бул иштин алкагында 13 кишинин жоопкерчилиги каралып жатат. Кулматов Кытай тарап берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда. Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *