Пирамида
С Вами на все времена!Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер 18 жаранга күбөлүктөрүн тапшырды. Ошентип эртең, Шейшемби күндөн тарта үгүт кампаниясы башталат. Бүгүн БШКда Өлкө башчынын ордуна ат салышкандарга мамлекет тарабынан кепилденген акысыз эфирдик убакыттар такталды. Ага ылайык талапкерлердин жеке кайрылуулары жана дебаттар уюштурулат. Үгүт кампаниясы 9-январга чейин созулат. 10-январга белгиленген президенттик шайлоо күнүндө Кыргызстандын башкаруу формасын аныктай турган жалпы элдик добуш берүү кошо өтөт. Мындан улам кыргызстандыктарга шайлоо тилкесинен эки бюллютень берилет.
Ой-пикир калтыруу