Пирамида
С Вами на все времена!Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мамлекеттик органдардан таза жана ачык-айкын шайлоо процессин камсыз кылууну талап кылды. Бүгүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында президенттик шайлоо өткөрүү учурунда коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси каралды. Мамытов азыркы учурдагы негизги милдеттердин бири — президенттик шайлоону жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумду өткөрүү экендигине токтолуп, президенттикке талапкерлердин баарына бирдей талаптарды коюу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.
Ой-пикир калтыруу