Пирамида
С Вами на все времена!Милициянын кайгуул кызматынын экинчи этабы кызуу өтүүдө. Буга ылайык, кызматка талапкерлер октябрдын башынан баштап, жумасына 6 жолу теориялык жана практикалык сабактарды алышууда. Белгилей кетсек, аталган кызматтын биринчи баскычында 279 кызматкер окуудан ийгиликтүү өтүп, анын 261и жумуш орду менен камсыз болгон. Учурда дагы кызматкерлерге муктаждык болгондугу үчүн Ички ишкер министрлигинин академиясында 235 киши окуп жатат.
Ой-пикир калтыруу