Пирамида
С Вами на все времена!Мугалимдик кесип – бул өзүнө талант, чыгармачылык жана эргүүнү камтыган өзгөчө искусство. Бул тууралуу бүгүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн саламаттыкты сактоо жана билим берүүнү өнүктүрүү мамлекеттин башкы артыкчылыгы болуп саналат. Аталган иш-чара мугалимдердин кесиптик күнүнө карата уюштурулуп, ага президенттик аппарат өкүлдөрү, Өкмөт мүчөлөрү жана республика аймагынан келген мугалимдер, коомдук ишмерлер катышышты.
Ой-пикир калтыруу