Пирамида
С Вами на все времена!8-март — дүйнөлүк коомчулукта аялзатынын жана кирип келген жаз айынын майрамы катары белгиленип келет. Бул эл аралык күндү көпчүлүк айымдар чыдамсыздык менен күтүшөт. Азыркы тапта кары, жашы дебей жакын адамына белек издеп жүргөндөр арбын. Бул жаатта адистер жакындарыңдын көңүлүн көтөрүп, жагымдуу маанай тартуулоонун бирден бир жолу — белекке гүл берүү экенин белгилешет. Дүкөндөрдүн ичинен гүлдөрдүн ханышасы болгон розанын түрлөрүн, орхидея, ромашка, тюлпан, айтор, жүрөккө жаккан жана капчыкка ыңгайлуу гүлдөрдүн түрүн тапса болот. Биздин чыгармачыл топ шаар аралап, кандай гүлгө суроо-талап күч экенин, деги эле аялзаты кандай белек алууну кыялданарын билип көрдү.
Ой-пикир калтыруу