Пирамида
С Вами на все времена!Кыргызстан сууга бай өлкө. Андыктан анын гидроэнергетикалык потенциалы да чоң. Өлкө аймагында ГЭСтерди курууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалга, Нарын дарыясында сегиз каскаддык гидроэлектр станциясын курууга болот дешет адистер. Бүгүн Бишкекте өткөн «Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий — 2020» аталышындагы IV эл аралык конгресс-көргөзмөдө ГЭСтерди курууга инвестор табуу иштери жүрүп жатканы маалым болду. Бул жаатта биз менен кызматташууга көпчүлүк өлкөлөр кызыктар.
Ой-пикир калтыруу