Пирамида
С Вами на все времена!Нарында коронавирус жуктурган учурлар төмөндөп, абал турукташып калды. Илдетке кабылган 381 жарандын 213ү айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Облуста жуктуруунун эң жогорку көрсөткүчтөрү өткөн жумаларда катталган. Эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берген башкы дарыгер Нурболот Үсөнбаев бир суткада 27 адам илдеттен сакайып, 28 адамдан коронавирус аныкталганын билдирди. Айтымында, баш калаада илдет жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон калууда.
Ой-пикир калтыруу