Пирамида
С Вами на все времена!Бүгүнкү күндө борбор калаада 66 откана шаар тургундарын жылуулук жана ысык суу менен камсыздап келет. Анын 43ү жаратылыш газы менен жылытса, 23ү көмүр менен жылытат. 27-январда калаа мэриясы жана “Газпром Кыргызстан” компаниясынын ортосунда кызматашуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Тараптардын кызматташуу долбоорунда “Бишкекжылуулук” коммуналдык ишканасынын социалдык объекттеринин жылытуу системаларын жаратылыш газына которуу камтылган. Келишим 3 баскыч менен ишке ашат. Октябрь айынын соңуна чейин 23 откананын бардыгы газ менен жылытууга өткөрүлөт.
Ой-пикир калтыруу