Пирамида
С Вами на все времена!Буга чейин айрым окуу китептери грамматикалык жана тексттик каталары менен чыгып, коомчулукта талкууга алынган болчу. Анын жыйынтыгында коомчулук Билим берүү министрлигин, министрлик басмаканаларды, алар болсо авторлорду же тапшырык бергендерди күнөөлөп келишкен. 19-январда Арабаев университетинде министрликтин өкүлдөрү, басмакана ээлери, жазуучулар жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол болуп өттү. Анда мындан ары окуу китептерде каталарды болтурбоо үчүн Билим берүү министрлигинин астында Окуу китеби аттуу жаңы мекеме түзүлгөнү маалым болду. Эми окуу китептеринде кеткен каталар үчүн бул мекеме толугу менен жоопкерчиликти өзүнө алат.
Ой-пикир калтыруу