Пирамида
С Вами на все времена!Бүгүн борбор калаанын четинде жайгашкан Селекция айылындагы 500 окуучуга эсептелген Орок орто мектебинин ачылышы болду. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Айылдагы эски мектеп 1987-жылы 320 окуучуга гана эсептелип салынган. Бирок ал жерде окуучулардын саны 2500 жетип, 5 нөөмөт менен окуп келишкен. Ошол себептүү жанына жаңы мектеп куруу талабы келип чыккан. Мектептин курулушу бардык шарттарды камтып заманга ылайык салынган. Кененирээк Канат Жолочиев баяндайт.
Ой-пикир калтыруу