Пирамида
С Вами на все времена!Ош облусунун аймагындагы мал базарлар карантиндик-санитардык, ветеринардык талаптарды сактаганда гана ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди. Айтымында, эгер ачыла турган болсо базарлар ишемби, жекшемби күндөрү гана иштеп, малдар бир иретке коюлуп сатылышы керектелет. Облус башчысы эпидемиологиялык кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтып, оорунун жайылышына жол бербөө максатында айрым аймактарга чектөөлөр коюлуп жатканын билдирди.
Ой-пикир калтыруу