Пирамида
С Вами на все времена!Ош шаарында 5 миңге чукул бөбөк бала бакчанын кабыл алуусун күтүп, кезекте турат. Мамлекеттик жана жеке менчик бакчаларды кошкондо 72 мекемеде 15 миң бала тарбияланып, анда бөбөктөрдүн саны нормадан ашып кеткен учурлар көп. Бул көйгөйдү жоюу максатында калаа бийлиги каражат бөлүп, азыркы тапта 4 бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Анын экөөсү карантинден соң пайдаланууга берилгени турат. Мындан тышкары медициналык мекемелерге өтүп кеткен 4 бакча мэрияга кайтарылып, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
Ой-пикир калтыруу