Жума, 22 Жетинин айы 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ПРЕЗИДЕНТ ЭЛ КАТТООНУ ЖООПКЕРЧИЛИК МЕНЕН АТКАРУУНУ ТАПШЫРДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-мартта, өлкөнүн Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук статистикалык комитеттин учурдагы ишмердүүлүгү жана 2022-жылы Кыргызстандын калкын жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы алдыдагы окуянын масштабдуулугу жана маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле коронавирустук пандемия шартында иш-чаранын бардык катышуучуларынын коопсуздугун жана кыргызстандыктардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун камсыздоо зарылдыгын айтты.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *