Пирамида
С Вами на все времена!Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук конференция өтөт. Ага мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков катыша турганын Президенттик Аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди. Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланчу форумга эл аралык 25 уюмдан жана 10 өлкөдөн өнүктүрүү жаатында кызматташкан өнөктөштөр чакырылган.
Ой-пикир калтыруу