Пирамида
С Вами на все времена!Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү Бириккен Араб Эмираттарына расмий иш сапары менен барат. Бул визит — Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку башкы кол башчысынын орун басары, Абу-Дабинин мураскер ханзадасы, улуу даражалуу шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен болууда. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Иш сапардын алкагында эки тараптуу кызматташтыктын келечеги, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, билим берүү, туризм тармактарын өнүктүрүү жана инфратүзүмдү куруу тууралуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө. Иш сапардын жүрүшүндө дагы кандай маселелер каралат?
Ой-пикир калтыруу