Пирамида
С Вами на все времена!Өлкөнүн экономикасын калыбына келтирип, тармакты ыкчам өнүктүрүү, ишкердүүлүккө туш-тараптан колдоо көрсөтүү жана калктын жашоо шартын жогорулатуу – бул кызматына жаңыдан киришкен Президент Садыр Жапаровдун ишке ашырууну көздөгөн артыкчылыктуу багыттары. Мамлекет башчысы Кыргызстан коррупцияга белчесинен батып кетти деп, президенттик кызматка келгенге чейин эле, эл менен жолугушуу учурларында да кайталап айтып келген. Инаугурация аземинде Жапаров өз сөзүндө өлкөнү жакырчылыктан алып чыгуунун негизги жолуна токтолуп, коррупцияны ооздуктоо менен экономикалык абалды жакшыртууга көңүл буруларын баса белгилеген.
Ой-пикир калтыруу