Пирамида
С Вами на все времена!Санариптештирүү – өлкөнүн артыкчылыктуу багыты. Бул калкка жеткиликтүү шарттарды түзүп, ашыкча бюрократияны кыскартып, убакытты үнөмдөйт. Алсак, «Түндүк» системасы аркылуу 2018-жылдын сентябрынан 2019-жылдын декабрына чейин мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу 20 миллионго жеткен. Бирок калкка санариптик кызмат көрсөтүү жол-жоболорун автоматташтыруу, жөнөкөйлөтүү процессин жана биринчи кезекте маалымат базаларын иштеп чыгууну создуктурган да жетекчилер жок эмес. Бул туурасында Президент Сооронбай Жээнбеков 24-январда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында белгилеген болчу.
Ой-пикир калтыруу