Пирамида
С Вами на все времена!Жаңы жылдан тартып, Ысык-Көлдүн айланасындагы пансионаттардын саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок болсо, алардын иштөөсүнө тыюу салынат. Тийштүү талапты камтыган жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Ысык-Көлгө куюучу дарыялардын жээгиндеги зоналарда жана жээктеринде жайгашкан шаарлар жана калктуу конуштар көлдү жана анын аймагын булгоонун негизги булактарынын бири болуп саналат. Мындан улам Министрлер кабынетине 2023-жылдын июль айына чейин Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында тазалоочу курулмаларды куруу жана реконструкциялоо тапшырылды.
Ой-пикир калтыруу