Пирамида
С Вами на все времена!Бул ирет дагы шайлоо өнөктүгү күздөгү парламенттик шайлоодой өзгөчө тартипте өтүп жатат. Башкысы — коронавирус инфекциясын жайылтпоо. Андыктан ар бир добуш берүү тилкесинде санитардык эрежелер тыкыр сакталып жатат. Баса, саат 12 жарымга карата өлкө боюнча 330 миң 609 жаран өзүнүн атуулдук милдетин аткарып жетишти. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, добуш берердин алдында ар бир шайлоочу өзүн тизмеден тактап алуусу кажет. Ал үчүн кыргызстандыктар 119 кыска номуруна смс жөнөтүп же чалып, ошондой эле тизме.гов.кж сайтынан да маалымат алса болот.
Ой-пикир калтыруу