Пирамида
С Вами на все времена!Өнөктөштөр тарабынан берилип жаткан каражаттар өлкөнүн приоритеттүү багыттарына сарпталышы керек. Анткени, эл аралык донорлордон канча суммадагы каражаттар келбесин, мамлекет тарабынан туура пайдаланылбаса, натыйжа чыкпайт. Президент Сооронбай Жээнбеков жүргүзүп жаткан саясатты эл аралык өнөктөштөр дагы колдойт. Бул тууралуу күн мурун өткөн «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук форумуна келген эл аралык уюмдардын өкүлдөрү дагы билдиришкен. Ал эми серепчилердин баамында, өлкө башчысы атап өткөн аймактарды өнүктүрүү, ирригация, санариптештирүү, таза суу, энергетика, жол жана коммуникация сындуу тармактар өнөктөштөрдүн колдоосуна муктаж.
Ой-пикир калтыруу