Пирамида
С Вами на все времена!Быйыл түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна пландалган эстакадалык көпүрө жана туннелдерди куруу иши кайрадан жанданат. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы Кытайдын «China Road and Bridge» корпорациясынын башкы менежери Хоу Ху Сянга таянып билдирди. 2020-жылы коронавирус пандемиясынын айынан аталган жолду салууга адистерди ишке тартуу кыйынга турган. Бирок ошого карабастан Кызыл-Жылдыз жана Арал айылынын ортосундагы жол толук оңдолуп бүттү.
Ой-пикир калтыруу