Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Минималдуу чыгымдар менен мол түшүм алуунун жолдору

Жаздын алгачкы күндөрүнөн тарта дыйкан-фермерлер талаа жумуштарына билек түрө киришет. Баарынын максаты — түшүмдү мол алуу. Бул үчүн дыйкандар болгон аракетин көрүп, айыл чарбадагы акыркы технологияларды колдонуу менен эмгек жана каражатты аз талап кылуу жолдорун үйрөнүүнүн үстүндө. Азыркы убакта минималдуу чыгымдар менен мол түшүм алуунун жолдору арбын.

Кезинде Кыргызстан союздук республикалар арасында алдыңкы агрардык өлкө катары саналып, ички дүң продукцияларын өндүрүүдө айыл чарбанын үлүшү 44 пайызга чейин жеткен убактар болгон. Союз кулаган соң баягы ири чарбалардын баары талкаланып, майдаланып кеткен. Агрономдордун республикалык конференциясында сүйлөп жатып өкмөт башчы чарбаларды кайрадан ирилешип биригүүгө чакырып, бул учурдун негизги талабы экенин белгилеп өттү.

2019-жылдын январь-декабрь айларында 104 млрд сом суммасына мал чарба продукциясы өндүрүлгөн. Ал 2018-жылга салыштырмалуу 2,5%га жогору дегенди билдирет. Буга ылайык, өлкө аймагындагы ишканалар республиканын жер-жерлеринен уй, жылкылардын эттерин алып, ата-мекендик продукцияны даярдап, кошуна өлкөлөргө экспорттоодо. Кыргызстандын азыркы учурда мал чарбачылыгы боюнча чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок аны туура пайдалануу жана андан кирeше табуу үчүн мал чарбачылыктын стандартын жогорулатуу керек.