Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

“Баластан” акыл таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Балдарды колдоо жылына карата уюштурулган “Баластан” акыл таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Борбор калаадагы Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында өткөн иш-чарага, өлкөнүн жети дубанынан келген 7 жаштан 12 жашка чейинки мектеп окуучулары катышты. Анда башталгыч класстын окуучулары «Баластан» журналы тарабынан түзүлгөн суроолорго жазуу түрүндө жооп беришип, жогорку упай топтогон окуучулар байгелүү сыйлыктар менен сыйланышты.

1-декабрга чейин борбор калаада митинг өткөрүүгө тыюу салынгандыгына карабай, борбордук “Ала-Тоо” аянтында “РЕакция” аталышындагы тынчтык митинги өттү. Маалыматка ылайык, ага 400дөй жаран катышты. Серепчилердин баамында, бул сыяктуу акциялар бийлик менен элдин диалогу жана бул демократиялык өлкөдө нормалдуу көрүнүш. Ал эми социалдык түйүндөрдө тастыкталбаган маалыматтарга ишенбегиле деген чакырыктар айтылса, буга чейинки революцияларга катышып, жаракат алган “Айкөл Таза Коом” сыңдуу бирикмелердин өкүлдөрү бул митингдин аркасында кандайдыр бир күч турат дешет. Ал элди бөлүп-жарууга, өлкөдө стабилдүүлүктү жоготуу сындуу максаттарды көздөйт деп, провокацияга алдырбоого чакырышат.
Борбор калаа кыш мезгилине даяр. Бүгүн мэрияда Бишкек шаардык кеңешинин турак-жай, коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транстпорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда, Бишкек шаарынын шаардык кызматтар тарабынан 2019-2020-жылдарга болгон күзгү-кышкы даярдыктар боюнча тиешелүү кызматтын өкүлдөрү маалымат беришти. Буга ылайык, даярдыктын алкагында эскирген жабдуулардын көпчүлүк бөлүгү жаңыртылып, жаңы жылуулук өткөрүү түтүктөр орнотулуп, кыш мезгилине зарыл болгон көмүр запасы алынып келинди.