Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бишкекте спорттук шаарча курулат

Жылдын эң ири спорттук иш-чарасы болгон Олимп оюндарына Кыргызстан спорттун 13 түрүнөн 21 жолдомо алууну пландап жатат. Азыркы тапта өлкө капчыгында 5 лицензия бар. Аларды жөө күлүктөр Юлия Андреева менен Дарья Маслова, билеги күчтүү балбандар Атабек Азизбеков менен Айсулуу Тыныбекова жана суучул Денис Петрашов алышкан. Учурда өлкө намысын коргой турган спортчулар кызуу даярданып жаткан маалы. Эми алдыда жолдомо ойнотулчу 50 чакты спорттук мелдештер өтөт.

Үстүбүздөгү жылы өлкөдө 80ден ашуун маданий иш-чаралар өткөрүлгөн. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жыл жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди. Баарына маалым болгондой, өтүп бара жаткан жылы Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндары, ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөрпоздору катышкан гала-концерт, «Россия гүлдөрү», Кыргызстандагы Россия күндөрү сыяктуу маданият тармагында бир топ иш-чаралар уюштурулган.

Чүй жогорку чыңалуу электр тармактар ишканасы кышка калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого 100 % даяр. Мындай пикирин мекеменин директору Таалайбек Ибраев И. Давыдов атындагы Ала-Арча көмөк чордонуна болгон пресс-турдун жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, ишкананын карамагында 53 көмөк чордон бар. Алар Бишкек шаарын жана Чүй облусун толугу менен электр энергиясы камсыздайт.
Бүгүн борбор калаада “Агроөнөр жай комплексинин учурдагы көйгөйлөрү” аталышындагы тегерек стол өттү. Аталган иш-чарага министрликтердин өкүлдөрү, агроөнөр жай тармагында иш алып барган эл аралык фонддор жана 50дөн ашык ишканалардын жетекчилери катышты. Анда өлкөнүн өнөр жай тармагындагы болуп жаткан учурдагы көйгөйлөрү жана актуалдуу маселелери талкууланды.
Кыргызстанда туристтерди өзүнө тарткан тарыхый жана кооз жерлер абдан эле көп. Алсак өз ичине бир нече кылымдын тарыхын батырган Өзгөн шаары. Ал эми бул жаатта коңшу өлкөлөрдө абал кандай? Кыргызстан түштүгүнөн өтө бай жана кызыктуу маданияты бар Өзбекстан Республикасы менен чектешет.

Апрель айында Орусиядан Кыргыз мамлекетине акча которууга айына 100 миң рубль көлөмүндөгү чектөө киргизилген. Өткөн аптада Москва шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Анда кыргыз тараптан чектөөнү алып салуу боюнча демилге көтөрүлгөн. Бирок эч кандай чечим кабыл алынбай, бул маселе Евразия өкмөт аралык кеңешинин кийинки жыйынында карала турган болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэни Кыргызстанга визит менен келип кетүүгө чакырды. Күн чыгыш өлкөсү аталган Японияга болгон иш сапарынын алкагында өлкө башчысы бүгүн жапон өкмөт башчысы менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда кыргыз япон кызматташтыгын өнүктүрүүнүн багыттары, жана келечекке болгон кадамдар талкууланды. Ушул эле күнү президент япониянын ишкерлери менен жолугуп, ири ишканаларга барды.

2014-жылы таза суу маселесин чечүүгө республикалык бюджеттен 25 млн. сом акча каражаты бөлүнгөн болсо, 2018-жылы таза суу секторуна 250 млн. сом бөлүнүп берилген. Быйыл бул сумма 500 миллион сом деп каралган. 2023-жылга чейин өлкөдөгү суу жетпеген 600дөн ашуун айылга суу берилип, 24 шаардын тиешелүү инфратүзүмүн жаңылоо милдети коюлган. Айыл-кыштактарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо максатында ишке ашып жаткан «Таза суу» долбоорунун алкагында эл аралык каржы мекемелеринин колдоосу менен 20 шаарда 11 млрд. 200 миллион сом өлчөмүндөгү ири долбоорлор ишке ашып жатат. Былтыр муктаж болгон 653 айылдан 25 айыл республикалык бюджеттин эсебинен жана 17 айыл эл аралык финансы институттардын жардамы аркылуу таза суу менен камсыз болду. Жакынкы беш жыл ичинде өлкөбүздүн 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реабилитациядан өткөрүлөт. Таза суу курулмалары жок 369 айылда аларды жаңыдан куруу пландаштырылууда.