Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Элдик жыйын: Коомдогу маселелер талкууланып, кабыл алынган чечимдер бийликке сунушталат

Өлкөнүн ар кыл тармагындагы маселерди чечүү үчүн кыргызстандыктардын пикири эске алынып, бийлик жетекчилерине сунуш катары берилет. Демилгечилердин айтуусунда дал ушундай максатта жаңы коомдук уюмду түзүп жатышат. Кыргызстандын ар бир жараны митинг, нааразычылык акциясына чыгып көз-карашын билдирүүгө укугу бар. Ошол эле маалда башаламан митингдердин болуусу айрым учурларда коомдогу көйгөйдү көтөргөнү менен андагы терс көрүнүштөр мамлекеттин стабилдүүлүгүнө бут тосот. Мындан улам жаңы коомдук уюм эл менен мамлекеттин ортосунда көпүрө болуп, маселелерди маданияттуу түрдө чечүүгө умтулмакчы.

Ички иштер министрлиги ынандыргандай, бүгүн Бишкекте абал тынч. Күн мурун болгон митинг шаар тургундарын гана тынчсыздандырбастан, ишкерлердин да үшүн алды. Бир жерден экинчи жерге жетүүгө шашылган жарандар коомдук транспорттордун тыгынына кабылганын айтып чыгышты.
1-декабрга чейин борбор калаада митинг өткөрүүгө тыюу салынгандыгына карабай, борбордук “Ала-Тоо” аянтында “РЕакция” аталышындагы тынчтык митинги өттү. Маалыматка ылайык, ага 400дөй жаран катышты. Серепчилердин баамында, бул сыяктуу акциялар бийлик менен элдин диалогу жана бул демократиялык өлкөдө нормалдуу көрүнүш. Ал эми социалдык түйүндөрдө тастыкталбаган маалыматтарга ишенбегиле деген чакырыктар айтылса, буга чейинки революцияларга катышып, жаракат алган “Айкөл Таза Коом” сыңдуу бирикмелердин өкүлдөрү бул митингдин аркасында кандайдыр бир күч турат дешет. Ал элди бөлүп-жарууга, өлкөдө стабилдүүлүктү жоготуу сындуу максаттарды көздөйт деп, провокацияга алдырбоого чакырышат.