Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Премьер-министр: 2020-жылга пландалган артыкчылыктуу милдеттер жыйынтык бериши керек

2020-жылга мерчемделген иштер кагаз жүзүндө гана калбай, белгилүү бир багытка ээ болуп, жыйынтык алып келиши керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн биринчи кезектеги иш-аракеттеринин планын аткаруу боюнча кеңешмеде билдирди. Айтымында, жалпысынан 2020-жылга биринчи кезектеги иш-аракеттердин планы 100 милдеттен турат. Аларга 150 иш-чара киргизилген, анын ичинен 50%ы 1-сентябрга чейин аткарылышы керек.

Кезинде Кыргызстан союздук республикалар арасында алдыңкы агрардык өлкө катары саналып, ички дүң продукцияларын өндүрүүдө айыл чарбанын үлүшү 44 пайызга чейин жеткен убактар болгон. Союз кулаган соң баягы ири чарбалардын баары талкаланып, майдаланып кеткен. Агрономдордун республикалык конференциясында сүйлөп жатып өкмөт башчы чарбаларды кайрадан ирилешип биригүүгө чакырып, бул учурдун негизги талабы экенин белгилеп өттү.

Бүгүн Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүндө өткөн коллегияда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ат-Башыда курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борбордун айланасындагы кырдаалга дагы токтолду. Өкмөт башчысы бул долбоор Кыргызстандын жана элдин кызыкчылыгы үчүн гана иштерин билдирди.

Аялдар өлкө экономикасына чоң салым кошууда. Мындай пикирин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аялдар ишкердигинин күнүнө карата Бишкекте өткөн конференцияда билдирди. Өкмөт башчы өз сөзүндө ишкер аялдарды куттуктап, алардын өлкөнүн экономикасына кошкон салымы чоң экенин белгиледи. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, аймактардан чакырылган ишкер аялдар, адистер катышты.

«Эркештам» көзөмөл-өткөрмө жайында жүктү текшерүүнүн жаңы системасы – инспектордук-кароо комплекси ишке берилди. Эми текшерүүнүн убактысы гана кыскарбастан, инспекторлордун иши дагы жеңилдеди. Комплексти ишке киргизүү иш-чарасына Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да катышты.