Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Чек ара коопсуздугу үчүн көрүлгөн чаралар

Коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү зарыл. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков менен вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин талкуулаган онлайн кеңешмеде айтылды.

“Чогуу көтөргөн жүк — жеңил болот”. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин жыйынында коронавируска каршы күч-аракеттерди бириктирүү боюнча бир катар сунуштарды киргизди. Алардын ичинде чек ара, экспорт жана бирдиктүү онлайн платформа түзүү маселелери бар. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Кезексиз жыйын бүгүн, 10-апрелде видеоконференция форматында өттү.

Эриш-аркак жылынын расмий ачылышы саналуу сааттардан кийин башталат. Буга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына барды. Мамлекет башчысынын эки күндүк иш сапары Кремль дубалынын жанындагы “Белгисиз жоокердин” эстелигине гүл коюу менен башталды. Андан соң Президент Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады. Ошондой эле Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен тар курамдагы жолугушуу болду.

Шайлоо өнөктүгү жакындаган сайын саясий активдүүлүк жогорулайт. Бирок шайлоого ким кандай катышса өз эрки, шайлоодон соң турмушту, өлкөнүн келечегин унутпаш керектигин Президент Сооронбай Жээнбеков күн мурун Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирген болчу. Учурдан пайдаланып, өлкө башчысы парламенттин трибунасында мамлекеттин саясатына, экономика жана аймактарды өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттарына кеңири токтолуп өткөн эле. Акыркы эки жылда аткарылган иштер боюнча коом кандай ойдо?

Кыргызстанда коррупция менен күрөш уланып, иштер мындан ары да күчөтүлөт. Мындай пикирин мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Президент коррупцияга малынган аткаминерлерди камаганда гана маселе чечилип калбастыгына токтолуп, коррупцияга бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча санариптештирүү ишке ашырылып жатканын айтты. Мындан тышкары, акыркы эки жылда аймактарды өнүктүрүүгө көңүл бурулуп, ишкердикти колдоо менен жумуш орундары түзүлгөнүн эске салды. Ал социалдык тармакты колдоо, ирригация, калкты таза суу менен камсыз кылуу жана мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыктарына жооп берген тышкы саясатты жүргүзүүнү убада кылганын айтып, алар ырааты менен ишке ашырылып жатканына токтолду. Ошондой эле, өлкө башчысы, быйыл парламенттик шайлоо болоорун эске салып, коомчулукта шайлоо босогосунун чеги тууралуу талкуулар токтой электигин, жыйынтык чыгарарда “Жети өлчөп бир кесүүгө” эл өкүлдөрүн чакырды.

“Мамлекеттин аймактарды өнүктүрүү саясаты – ички миграцияны кыскартуу максатын көздөйт. Ал эми ички миграцияны кыскартуу үчүн алгач жер-жерлерде ишкердикти колдоо жана жаңы жумуш орундарын түзүү керек. Азыр ушул багыттагы иштер кызуу жүрүп жатат”. Мындай пикирин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушканда билдирди.Анда ал 2020-жыл үчүн бекитилген жаңы Жарлыктын максаттары менен милдеттери тууралуу да айтып берди. Эл менен жолугушуу суроо-жооп таризинде уюштурулуп, инвестиция, айыл чарба, соода, салык, бажы жана кызмат көрсөтүү жаатында жүрүп жаткан иштер жөнүндө сөз болду.

Узап кеткен жыл Кыргызстандын тышкы саясаты үчүн жемиштүү жылдардын бири болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 2019-жылдагы өлкөнүн тышкы саясатынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирди. Белгилей кетсек, былтыр Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен 138 сапар болгон. Кыргызстанда бир катар ири эл аралык иш-чаралар уюуштурулуп, ийгиликтүү аяктаган. Ар бир жолугушуунун соңунда кандай реалдуу жыйынтыктарга жетишилди?

Февраль айынын экинчи жарымында Москва шаарында Кыргызстанда Россиянын жана Россияда Кыргызстандын кайчылаш жылынын ачылуу аземи өтөт. Салтанаттуу азем эки өлкөнүн башчыларынын катышуусунда болот. Кайчылаш жылын өткөрүүгө эки мамлекеттин ортосунда атайын уюштуруу комитети түзүлгөн. Комитет иш-чаралар планын иштеп чыкты.

Жакында эле айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилген эле. Анда Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамына кол койгон. Соттордун инфратүзүмү 2020-жылдын 1-январына сот арачылардын катышуусунда иштерди кароого объективдүү даяр болбой турганын эске алып, бул мыйзамдын күчүнө кирүүсү 2025-жылдын 1-январына которулган.

Биздин суу ресурстарыбызды пайдаланганы үчүн коңшу мамлекеттер компенсация төлөшү керек. Мындай пикирин Президент массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен маектешип жатып билдирди. Ал эми өзүбүздүн өлкө тууралуу айта турган болсок ирригация боюнча иштер бекитилген план боюнча жүрүп жатат. Акыркы эки жылда 4 ири ирригациялык объект ишке берилди, 3 объектинин негизги участкаларында иштер бүттү. Мунун жыйынтыгы менен 1924 гектар жер жаңыдан өздөштүрүлүп, 3900 гектар жерге суу жетикирүү жакшырды. Деги эле акыркы убактагы экономика жана аймактарды өнүктүрүү жаатындагы иштерге кесиптешим саресеп салат.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында салтка айланган Президенттик балаты өттү. Ага мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жубайы Айгүл Токоева менен чогу келди. Жаңы жылдык кечеге бардык облустардан мектеп курагындагы 1100 бала чакырылган. Алардын арасында – окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар. Президент Сооронбай Жээнбеков балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырса, өз кезегинде балдар мамлекет башчысына роботту тартуулашты.

Журналисттер эл турмушун жакшыртууга багытталган аракеттерди коомчулукка жеткирүүдө чоң жардам көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерге берген маалымат жыйында билдирди. Мамлекет башчысынын маалымат жыйыны 3 саатка созулуп, ага дээрлик 200гө чукул ММК өкүлдөрү катышты. Сооронбай Жээнбеков алгач акыркы эки жылда аткарылган иштер туурасында кыскача маалымат берип, андан соң суроо-жоопко өттү. Журналисттер Жээнбековдон мигранттардын көйгөйү, алдыда өтө турчу парламенттик шайлоо, сөз эркиндиги, коррупция менен күрөшүү, чек ара маселеси, коңшу өлкөлөр менен болгон алакалар, “Коопсуз шаар” долбоору, айтор бардык тармактагы кызыктырган суроолорун узатышып, жооп ала алышты.