Пирамида
С Вами на все времена!Мамлекет бардык социалдык милдеттемелерин аткарат. Бул тууралуу Талант Мамытов Ноокен районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Талант Мамытов учурда ага чоң жоопкерчилик — өлкө Президентинин милдетин аткаруу жүктөлгөндүгүн кошумчалады. «Быйыл коронавирустук инфекция пандемиясы атамекендик экономикага олуттуу таасирин тийгизип, республикалык бюджеттин тартыштыгы өстү. Буга карабастан, мамлекет бардык социалдык милдеттенмелерин аткарат», — деп ишендирди Талант Мамытов.
Ой-пикир калтыруу