Пирамида
С Вами на все времена!Эртең Таластагы Жерүй кенинин рудасынан алтын алуучу комбинат ачылат. Салтанаттуу аземге мамлекет башчысы Садыр Жапаров, Россиянын Президенти Владимир Путин катышары күтүлүүдө. Кумтөрдөн кийин экинчи орунду ээлеген Жерүй кенинде алтындын жүз тоннага жакын запасы бар. Кенди иштетүүгө укук алган «Альянс Алтын» компаниясы бардык экологиялык жана техникалык талаптарды аткаруу менен дыкат көзөмөлдү жүргүзүп жатканы айтылууда. Инвестициялык долбоорду колго алган орус тараптан мындан башка да инвестициялардын келүүсү үчүн өлкөдөгү саясий стабилдүүлүктүн болуусу маанилүү экендигин серепчилер белгилейт.
Ой-пикир калтыруу