Пирамида
С Вами на все времена!Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү керектүү компьютердик программалар чет элдик жетекчилер аркылуу өчүрүлүп, токтотулган. Бул жөнүндө жакында эле убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк кайрылуусунда билдирди. Ал учурда керектүү программаларды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын, алтын кен кадимки режимде иштей турганын айтты. Эске салсак, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында эл өкүлдөрү “Кумтөр” алтын кенинин тегерегиндеги маселени карап жатып, алтын кенге убактылуу тышкы башкарууну киргизүүнү колдошкон. (1)Буга чейин Кыргызстандык төрт жаран Канаданын Центерра голд компаниясын экологиялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн сотко берген. Мамлекеттик комиссия дагы көптөгөн мыйзам бузуулар бар экендигин аныктаган.
Ой-пикир калтыруу