Пирамида
С Вами на все времена!Мамлекеттик туу күнүнө карата борбор калаадагы “Ала-Тоо” аянтында майрамдык иш-чара өттү. Жарандарды бул күн менен калаа мэри Азиз Суракматов, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана мэриянын тийиштүү кызматтарынын жетекчилери куттуктады. Бул күн майрам катары 2009-жылы өлкө жарандарын мекенчилдик духта тарбиялоо жана мамлекеттик символдорго урмат менен мамиле кылуу максатында бекитилген.
Ой-пикир калтыруу