Пирамида
С Вами на все времена!Туура бир жыл мурда Кыргызстанда коронавирус менен ооруган алгачкы 3 учур катталган. Андан бери өлкөдө 87 миңден ашуун кыргызстандык коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооруп, бир жарым миңге жакыны көз жумган. Медициналык персоналдын жетишсиздиги, тажрыйбанын аздыгы, дарыканаларда жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги жана карантиндик эрежелердин сакталбаганы мындай жогорку көрсөткүчтүн негизги себеби болуп саналат. Бүгүнкү күнгө чейин дарыгерлер тажрыйба топтоп, республиканын бардык аймактарында эпидемияга каршы күрөшүп келишет. Эми жакында эмдөө иштери да башталганы турат.
Ой-пикир калтыруу