Пирамида
С Вами на все времена!Киберкоопсуздук боюнча мамлекеттик органдар арасында атайын мыйзамдык база иштелип чыгышы керек. Бүгүн борбор калаада мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн атайын окутуу жүргүзүлдү. Аталган иш-чара УКМКнын Компьтердик инциденттерге жооп кайтаруу бөлүмү тарабынан уюштурулган. Белгилей кетсек, аталган окутуу өкмөт тарабынан бекитилген “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясынын жол картасын жана 2019-2023 КР кибер коопсуздук стратегиясын ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын негизинде уюштурулду.
Ой-пикир калтыруу