Пирамида
С Вами на все времена!Быйыл Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда январдан март айына чейин товар алмашуунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 43 пайызга өскөн. Бул албетте, экспорт менен импорттун көлөмүнүн жогорулап жатканынан кабар берет. Мындан ары да кыргыз-түрк кызматташтыгын ар тараптуу кеңейтүү, өзгөчө экономикалык жактан алгылыктуу келишимдерди ишке ашыруу мерчемделүүдө. Адистердин баамында, өлкөгө инвестиция тартууга далалат жасоо, аларга шарт түзүүгө маани берүү зарыл.
Ой-пикир калтыруу