Пирамида
С Вами на все времена!Өзбекстан менен Куба ЕАЭБге байкоочу мамлекет макамын алышты. Бул чечим Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматында өткөн отурумунда кабыл алынды. Анда бештиктин ортосунда санариптик сооданы, байланышты, маалымат алмашууну өнүктүрүү керек экени айтылды. Мындай кадам өз кезегинде көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга шарт түзөт. Кыргызстандын атынан жыйынга катышкан өлкө президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов ЕАЭБге мүчө болуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт экенин билдирди.
Ой-пикир калтыруу