Пирамида
С Вами на все времена!Кыргызстанга келүүчү туристер жана чет өлкөнүн жарандыгын алган кыргыздар үчүн жеңилдетилген визалар 15-январдан тарта бериле баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров билдирди. Эске салсак, 2019-жылдын соңунда өкмөт тарабынан визаларды тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө атайын токтом кабыл алынган. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Ой-пикир калтыруу